Портиман шаарында дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы Европа кубогу өтүп, ага 50дөн ашык өлкөдөн келген күчтүү спортчулар катышты.
Эл аралык аренада жогорку жыйынтыкты Александр Симонов (2008-жылы туулган, 81 кг салмак категориясында) көрсөтүп, абройлуу мелдеште күмүш медаль жеңип алды.
Спортчу «Дельфин» ОРАБӨМдүн дзюдо бөлүмүнүн тарбиялануучусу болуп саналат.
Мурда Александр Симонов дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы Африка кубогунда да күмүш медаль утуп, Касабланка шаарында өткөн мелдеште 42 өлкөдөн келген спортчулар арасында мыкты жыйынтык көрсөткөн.




