2026-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында 19*9 спорттук-ок атуу комплексинин базасында ок атуу боюнча шаардык чемпионаттын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ок атуу спорту федерациясынын президенти Жибек Молдоева катышты.

Алар өз сөздөрүндө ок атуу спортунун маанисин белгилеп, анын тартипти, тактыкты жана жогорку деңгээлдеги концентрацияны калыптандыруудагы ролуна өзгөчө токтолушту.

Мелдеш 28–29-апрель күндөрү балдар жана кыздар арасында, ошондой эле 12 жаштан жогорку чоңдор арасында өтөт.  Катышуучулар пневматикалык винтовка жана пневматикалык тапанча менен атуу боюнча күч сынашууда.

Чемпионаттын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери дипломдор жана медалдар менен сыйланышат.

Мелдештин уюштуруучулары — Кыргыз Республикасынын ок атуу спорту федерациясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.