2026-жылдын 30-апрелинен тартып майрам күндөрүнө карата Бишкек Автобекетинде каттамга чыккан унаалардын саны көбөйөт.
Алар, Ысык-Көл жана Нарын багыттары боюнча шаарлар аралык каттамдар.
Белгилей кетсек, иш күндөрү жогоруда белгиленген багыттарга 100гө чукул унаа каражаты чыкса, майрам күндөрү бул көрсөткүч 2 эсе өсөт.
Бишкек шаарындагы автобекеттер кадимки режимде иш алып барууда.
Автобекеттин иштөө убактысы күн сайын эртең мененки саат 07:00дөн кечки 23:30га чейин.
Күндүзгү убакыт 07:00дөн 19:00гө чейин, Нарын жана Ысык-Көл багыттарына негизинен кичи автобустар каттайт. Ал эми кечки 21:00дөн 23:30га чейинки аралыкта, аталган багыттар боюнча чоң көлөмдүү автобустардын каттамдары уюштурулуп, Ысык-Көл облусуна 5, Нарын облусуна 1 автобус каттайт.
Ошондой эле Алматы, Тюмень, Кашгар жана Артуш эл аралык каттамдары туруктуу иш алып барууда.
Мындан тышкары, батыш багытын тейлеген Ак-Кула автобекетинде Талас облусуна жана Ташкент, Джизак эл аралык чоң автобустук каттамдары иш алып барууда.
Ошондой эле аба-ырайынын жылышы менен сезондук каттамдар да каралган 15-майдан 15-октябрга чейин Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен багыттары боюнча кичиавтобус каттамдары да ишке киргизилет.