Иш-чарага калаа мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев, мэрдин орун басарлары, Бишкек баатырдын урпактары, ардактуу шаар тургундары жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Аземден кийин катышуучулар «Жаштык» аренасына барып, объекттин заманбап шарттары, инфратүзүмү жана спорттук, коомдук иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаш депутаттары менен да жолугушуу  болуп өттү.

Катышуучулар Кыргызстандагы жаштар кыймылына демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн берилген кеңсе жайлары менен таанышты.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаттары жаштарды колдоо жана алардын коомдук жана саясий жашоого активдүү катышуусу үчүн шарт түзүлгөнүнө ыраазычылык билдиришти.

Эске салсак, Бишкек шаарынын муниципалитети жаштар уюмуна «Жаштык» аренасынын имаратынан кеңсе берип, алардын ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жана мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүп берген.