Бишкек шаарында №132 бала бакчанын капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага шаардын мэри Айбек Джунушалиев катышты.

Салтанатка ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, мэрдин орун басарлары, шаардык кызматтардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Ачылыш учурунда мэр шаар тургундарын Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады.

«Бул бала бакчанын ачылышы – биринчи кезекте сиздердин эмгегиңиздер. Биз болсо өз тарабыбыздан капиталдык оңдоо иштерине керектүү каражаттарды бөлдүк. Бүгүнкү күндө шаар боюнча укук коргоо органдары менен биргеликте мурдагы бала бакчаларды кайтарып алуу иштери жүргүзүлүп, алар этап-этабы менен пайдаланууга берилүүдө», – деди мэр.

Объект 140 орунга ылайыкталган жана 6 топтон турат. Ошол эле учурда  оптималдаштыруу аркылуу 280 орунга чейин көбөйтүлдү.

Имарат эки кабаттуу,  жалпы аянты 1100 м² түзөт. Ал эми ага тиешелүү жер тилкесинин аянты 0,9 гектарды түзөт.

Капиталдык оңдоо иштеринин алкагында курулуш жана калыбына келтирүү иштеринин толук комплекси жүргүзүлдү. Ички жана тышкы инженердик тармактар толугу менен жаңыртылып, жылуулук, электр менен камсыздоо, суу берүү жана саркынды сууларды чыгаруу системалары алмаштырылды. Имараттын ички жана сырткы жасалгасы толук жаңыланды.

Бала бакчанын аймагында заманбап оюн аянтчалары курулуп, сугат системасы жаңыртылып, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, бул имарат 1971-жылы курулуп, ар кайсы жылдары №26 башталгыч мектеп катары пайдаланылып келген. Реконструкциядан кийин объект өзүнүн баштапкы багытына кайтарылып, мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары иш алып барат.

Курулуш иштерин «Авангард и Ко» ЖЧКсы аткарды.