Бүгүн, 2026-жылдын 29-апрелинде, Ала-Тоо аянтында Бишкек шаарынын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Майрамдык иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев, мэрдин орун басарлары, район акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.
Мэр шаар тургундарын Бишкектин 148 жылдыгы менен куттуктады.
"Бүгүнкү күндө борбор шаарыбыз ишенимдүү өнүгүү жолунда бара жатат. Жаңы имараттар курулуп, заманбап объекттер ишке берилип, инфраструктура тынымсыз жаңыланууда. Бишкек өлкөбүздүн экономикалык, транспорттук, илимий жана маданий борбору катары өз позициясын бекемдеп, ички дүң продукциянын дээрлик жарымын камсыздаган негизги кыймылдаткычка айланды. Ири долбоорлор ишке ашырылууда, жолдор оңдолууда, жаңы коомдук жайлар пайда болууда жана транспорт өнүгүп жатат. Биз Борбор Азияда таштандыны утилдештирүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү биринчи заводду ишке киргиздик - бул шаардын туруктуу келечегине карай маанилүү кадам", - деп баса белгиледи мэр Айбек Джунушалиев.
Майрамдык программа шаардын чыгармачыл топторунун өнөрү менен башталды. Жыйынтыгында "ВАЛЬС КЕЧЕСИ" аттуу ири масштабдуу фестиваль-конкурс жана сынак болду, анда 1000ге жакын кесипкөй жана ышкыбоз бийчилер катышты, аларды Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын чоң симфониялык оркестри коштоду.
Майрам улуттук эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт менен аяктады. Алтынай Асанбекова, Марат Талантбеков, Замир Арыкбаев, Жанета, Эля Бегалиева, Съездбек Искеналиев, Баястан, Бегиш, Jax, Freeman, Малика Дина, Омар жана башкалар сахнада чыгармаларын тартуулашты.













































