Борбор калаада Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык  жер мунапысынын алкагындагы иштер үзгүлтүксүз улантылууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча комиссиянын ишин улантууда.

Биринчи Май районунун комиссиясы тарабынан 257 материалды карап чыгып, ар бири боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алды.

Бул багыттагы иштер уланууда.