2026-жылдын 1-майынан тартып Шопоков көчөсүндө жолду кеңейтүү иштерине байланыштуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана Киев көчөсүнүн өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Киев көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки тилкесинде убактылуу эки тараптуу кыймыл киргизилет.

Кабыл алынган чечимдер жолдо жүрүүнүн  натыйжалуулугун талдоо жана жол тармагынын чектеш бөлүктөрүндөгү жол тыгынын азайтууга багытталган.

Айдоочулардан бул өзгөрүүлөрдү түшүнүү менен кабыл алууну, жол белгилерин так сактоону жана этият болууну суранабыз.