2026-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Китеп күнүнө туш келген окуу декадасынын алкагында Бишкектеги №62 жана №100 мектептерге барды.
Жолугушуунун жүрүшүндө мэр окуучулардын адабий окууларына катышты. 11-класстын окуучулары үчүн Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасынан үзүндү окуп берди жана окуу боюнча талкуу болду.
№100 мектепте Айбек Джунушалиев үчүнчү класстын окуучулары менен жолугушуп, "Кыргыз Эл жомоктору" жыйнагынан "Убадага бек жигит" жомогун мамлекеттик тилде окуп берди. Окуудан кийин ар бир окуучу суроолорун берип, жообун алды.
Иш-чаралардын алкагында эки мектепте тең окуучулар жана ата-энелер тарабынан даярдалган тематикалык көргөзмөлөр өткөрүлдү. Көргөзмөлөр балдардын окууга жана чыгармачылыкка болгон кызыгуусун чагылдырды.
Иш-чаралар жылуу жана достук маанайда өтүп, жаш муундардын арасында китепке жана окууга болгон сүйүүнү өнүктүрүүгө багытталган жакшы кеңештер менен аяктады.















