«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы 2026-жылдын 1-майынан 8-майына чейин Бишкек шаарында жылуулук магистралдарында пландык регламенттик сыноолор жүргүзүлөрүн билдирет.
Аталган иштер жыл сайын милдеттүү түрдө аткарылып, жылуулук тармактарындагы аялуу участокторун аныктоого жана аларды жоюуга багытталган. Мындай чаралар алдыдагы жылытуу мезгилинин үзгүлтүксүз жана авариясыз өтүшүн камсыз кылуу үчүн зарыл.
Сыноо иштеринин жүрүшүндө төмөнкүдөй көрүнүштөр болушу мүмкүн:
* түтүктөрдүн жабыркашы;
* жол жабуусунун чөгүшү (провалдар);
* жылуулук тармактарына жакын жайгашкан аймактарды суу каптоо.
Иш жүргүзүлгөн жерлерде авариялык бригадалар нөөмөттө болуп, кандайдыр бир бузулуулар аныкталса жабыркаган тилкени ыкчам түрдө өчүрүшөт.
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы борбор калаанын тургундарын жана конокторун этият болууга жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.
Эгерде түтүктөрдүн жарылышы, жолдун чөгүшү же суу жер бетине чыгып жаткан учурлар байкалса, төмөнкү байланыш номерлерине тез арада кабарлоону өтүнөбүз: Диспетчердик кызмат: (0312) 56-85-58, Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980, 0557 61-11-66, 0777 61-11-66 жана 0701 61-11-66.