Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кыргыз Республикасынын статистика органдарынын түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш-чаранын алкагында шаар башчысы Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынын кызматкерлерин жана ардагерлерин юбилейлик дата, ошондой эле Шаар күнү менен куттуктады. Ал катышуучуларга чың ден соолук, бакубат жашоо жана кесиптик ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Өз сөзүндө мэр статистика органдарынын ишинин маанилүүлүгүн белгиледи:

«Биз сиздердин ишиңиздерге муктажбыз. Сиздер берген маалыматтардын тактыгынан кабыл алынган чечимдердин натыйжалуулугу жана жалпы ишибиз көз каранды».

Ак ниет эмгеги жана үзүрлүү иши үчүн кызматкерлерге ыраазычылык каттар, ардак грамоталар жана кол сааттар тапшырылды.