2026-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарынын №69 жана №12 орто мектептеринин окуучулары таштандыны кайра иштетүүчү заводго барышты. Экскурсия өспүрүмдөрдүн экологиялык маданиятын жогорулатуу жана айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу максатында уюштурулду.

Иш-чарага окуучулар мугалимдеринин коштоосунда катышышты. Экскурсиянын жүрүшүндө алар таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүү процесси менен таанышып, калдыктарды утилдештирүүнүн заманбап технологиялары тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын өз-өзүнчө чогултуунун мааниси тууралуу билишти.

Ишкананын адистери заводдун иши жөнүндө кеңири айтып берип, кайра иштетүүнүн негизги этаптарын көрсөтүшүп, окуучулардын суроолоруна жооп беришти. Өзгөчө көңүл айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине жана ар бир адамдын табиятка болгон терс таасирин азайтуудагы ролуна бурулду.

Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар окуучулардын экологиялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана жарандык активдүү позициясын калыптандырууга чоң салым кошот.

Экскурсия кызыктуу жана интерактивдүү форматта өтүп, окуучуларга жакшы таасир калтырып, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоонун мааниси тууралуу жаңы билимдерди берди.