Калаа башчысы Айбек Джунушалиевнин тапшырмасынын негизинде мэрдин орун басары Рамиз Алиев «Дордой» базарынын аймагындагы иштердин жүрүшүн жеринде барып текшерди.

Учурда узундугу 1,8 км болгон тилкеде жолду оңдоо иштери активдүү жүрүп жатат, асфальттын  биринчи катмарын төшөө башталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым чарба жүргүзүүчү субъекттер мурда суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарына тиешелүү схемаларсыз жана уруксат берүүчү документтерсиз өз алдынча туташып алышканы аныкталды. Бул кошумча иштерди жүргүзүү зарылдыгын жараткан.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы суу түтүктөрүн жана канализация тармактарын тартуу иштерин толугу менен аяктады, жолду оңдоо иштери улантылууда.

Жолду үстүбүздөгү жылдын май айынын ортосунда ачуу пландалууда.