2026-жылдын 1–5-май күндөрү Бишкек шаарында, спорттук оюндар боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилиген балдар-өспүрүмдөр мектебинин жаңы спорт комплексинин базасында волейбол, гандбол жана футзал боюнча Шаар күнүнө арналган ачык турнир өтүүдө.

1-май күнү турнирдин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов катышты. Ал өз сөзүндө мэриянын спортту өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, борбор калаада спорттук инфраструктуранын активдүү өнүгүп жатканын, анын ичинде спорттук оюндар боюнча ОРАБӨСОМ жаңы спорт комплексинин курулуп, пайдаланууга берилгенин баса белгиледи. Ошондой эле башка аймактардан жана Казакстандан келген спортчуларды куттуктап, бардыгына оюндарда ийгилик каалады.

Ачылыш аземине мындан тышкары ОРАБӨСОМдүн директору Нурлан Букуев, спорт федерацияларынын өкүлдөрү: футбол федерациясынан – Нурдин Букуев, волейбол федерациясынан – Нурлан Тойчубеков, гандбол федерациясынан – Эрнис Зарлыков катышышты.

Турнирге Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан – Бишкек, Ош, Каракол шаарларынан, Чүй облусунан, ошондой эле Казакстандын Аскелен жана Кордай шаарларынан келген жалпы 450гө жакын спортчу катышууда. Мелдештерге спорт клубдары жана балдар-өспүрүмдөр спорт мектептери тартылган.

Мелдештер бир нече жаш курактык категорияларда өтүүдө:
* футзал — U-10 жана U-11;
* волейбол — U-17;
* гандбол — U-14 жана U-15.

Спорттук иш-чаралардын алкагында 17 жашка чейинки (U-17) өспүрүмдөр арасында волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты да жыйынтыкталды.

Мелдештин жыйынтыктары:
Уландар арасында(7 команда):
1-орун — Бишкек шаары, ОРАБӨСОМ
2-орун — Жалал-Абад облусу
3-орун — Ош облусу

Кыздар арасында (9 команда):
1-орун — Ош облусу
2-орун — ОРАБӨСОМ №1
3-орун — ОРАБӨСОМ №2

Турнирдин негизги максаты — массалык спортту өнүктүрүү, жаш спортчулардын даярдык деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле аймактар аралык жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө.

Мелдештин уюштуруучусу — спорттук оюндар боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв спорт мектеби.