Бишкек шаарында «9/19» ок атуу клубунун базасында өспүрүмдөр жана чоңдор арасында ок атуу боюнча Кыргыз Республикасынын Кубогунун II этабы болуп өттү.
Мелдешке жалпы 78 спортчу катышты, алардын ичинен 20сы С.Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары.
Турнирдин программасына төмөнкү дисциплиналар кирди:
* ВП-60 — пневматикалык мылтык (10 м, 60 ок атуу);
* ПП-60 — пневматикалык тапанча (10 м, 60 ок атуу).
С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары жогорку даярдык деңгээлин көрсөтүп, бир катар байгелүү орундарды ээлешти.
Жыйынтыктар:
ВП-60 көнүгүүсү
Чоңдор арасында:
* Талантбекова Арууке -1-орун;
* Эргешова Айжан — 2-орун;
* Кубанычбекова Каныкей — 3-орун.
Юниор кыздар арасында (18 жашка чейин):
* Садыкова Даткайым — 1-орун;
* Тулебердиева Альбина — 3-орун.
ВП-4 көнүгүүсү (40 ок атуу)
Юниор кыздар арасында:
* Кочконбаева Айбийке — 1-орун;
* Мадалбекова Жаныайым — 2-орун;
* Турсынбекова Каныкей — 3-орун.
ПП-3 көнүгүүсү (60 ок атуу)
Өспүрүм балдар арасында:
* Кадырбеков Марат — 1-орун;
* Турчак Артур — 2-орун.
ПП-2 көнүгүүсү (40 ок атуу)
Юниор кыздар арасында:
* Нургазиева Элгиза — 1-орун;
* Аргымбекова Анжелика — 3-орун.




