2026-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарынын күнүнө карата «Тунгуч» театрында салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев катышты.

Мэр катышуучуларды Бишкектин 148 жылдыгы менен куттуктап, ар бир кызматкердин борбор калаанын өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө бардык жетишкендиктер жана жакшы жыйынтыктар, биринчи кезекте, адамдарга — алардын жоопкерчиликтүү эмгегине жана туура чечимдерине байланыштуу. Ар бириңиздерге ак ниет эмгегиңиздер жана сүйүктүү шаарыбыздын өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Бүгүн шаарда жасалып жаткан бардык иштер — бул сиздердин эмгегиңиздердин жыйынтыгы. Сиздердин жан үрөп иштегендигиңиздердин аркасында борбор калаабыз күн санап заманбап, ыңгайлуу жана көрктүү болуп баратат», — деп белгиледи мэр.

Салтанат учурунда муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаардык кеңешинин ыраазычылык каттары, Ардак грамоталары жана кол сааты-баалуу белеги тапшырылды.