Генерал-майор Д. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин базасында Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучулары арасында аскердик-колдонмо спорт түрлөрү боюнча «Эр жигит» спартакиадасынын шаардык этабы өткөрүлдү.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан Ленин райондук аскер комиссариаты менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле «Эр жигит» спартакиадасын өткөрүү жөнүндө жобого ылайык уюштурулду.

Спартакиаданын негизги максаты — жаштарды аскердик-патриоттук тарбиялоо, өспүрүмдөрдүн жоопкерчилик сезимин, тартипти жана Куралдуу Күчтөрдүн катарында кызмат өтөөгө даярдыгын калыптандыруу, ошондой эле алардын дене тарбиясын жана колдонмо көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат.

Шаардык этапка райондук баскычтардын жеңүүчүлөрү болгон №24, №37, №66 жана №80 мектептеринин командалары катышты. Жалпысынан райондук деңгээлде Бишкек шаарындагы 54 мектептин командалары күч сынашты.

Мелдештер жети аскердик-колдонмо дисциплина боюнча өттү: саптык даярдык, турникке тартылуу, 100 метрге чуркоо, автоматты ажыратуу жана чогултуу, 1000 метрге чуркоо, Ф-1 окуу гранатасын алыска ыргытуу жана пневматикалык винтовкадан ылдам атуу.

Командалардын жыйынтыктарын Генерал-майор Д. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин калыстар тобу баалады. Ошондой эле иш-чарага Бишкек шаарынын райондук аскер комиссариаттарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйынтыгында Свердлов районундагы №66 орто мектебинин командасы эң жогорку упай топтоп, биринчи орунду ээледи.

Мындай иш-чаралар жаштардын патриоттук духун бекемдөөгө, сергек жашоо образын жайылтууга жана окуучулардын жарандык активдүүлүгүн калыптандырууга өбөлгө түзөт.