2026-жылдын 26-апрелинде Самарканд шаарында паратриатлон боюнча Дүйнө кубогунун этабы өттү.

Мелдешке 12 өлкөдөн 64 спортчу катышып, 8 классификациялык категория боюнча күч сынашты.

«Дельфин» Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар үчүн каралган PTVI категориясында Кыргызстандын намысын татыктуу коргошту.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй натыйжалар көрсөтүлдү:
•Жузбаева Гульназ — 4-орун (аялдар арасында, PTVI категориясы);
•Камчибеков Дастан — 6-орун (эркектер арасында, PTVI категориясы);
•Абдувалиев Жалалдин — 8-орун (эркектер арасында, PTVI категориясы);
•Токтомбаев Азат — 9-орун (эркектер арасында, PTVI категориясы).