2026-жылдын 13–30-апрель күндөрү Чолпон-Ата шаарында «Дельфин» ОРБАӨМдүн  тарбиялануучулары заманбап беш таймаш бөлүмүнүн окуу-машыгуу жыйынынан (ОМЖ) өтүштү.

Жыйын заманбап беш түр күрөш боюнча алдыда боло турган Азия чемпионатына даярдык көрүүнүн алкагында уюштурулуп, ага 5 спортчу жана 1 машыктыруучу катышты.

ОМЖнын жүрүшүндө спортчулар заманбап беш түр күрөштүн негизги дисциплиналары боюнча машыгышып, өзгөчө чыдамкайлыкты өнүктүрүүгө, техникалык даярдыкты жакшыртууга жана мелдештик тажрыйбаны арттырууга көңүл бурушту.

Машыгуу процесси жалпы физикалык даярдыкты жогорулатууга жана эл аралык мелдештер алдында тактикалык ыкмаларды бышыктоого багытталды.