Бишкек шаарында дзюдо боюнча жаштар арасындагы Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан күчтүү спортчулар катышты.
«Дельфин» ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу Шаршеналиева Назик өз салмак категориясында ийгиликтүү чыгып, 3-орунду ээлеп, улуттук биринчиликтин коло байге ээси болду.
Мелдештин жыйынтыгында Назик Шаршеналиева чемпионаттын байге ээлеринин катарына кирип, «Дельфин» ОРАБӨМдүн жетишкендиктерин дагы бир жолу толуктады.

