2026-жылдын 3-майында Бишкек шаарында №29 мектеп-гимназиясынын базасында борбор калаанын 148 жылдыгына арналган спорттук бал бийи боюнча шаар чемпионаты болуп өттү.

Мелдешке 5 жаштан жогорку курактагы, анын ичинде чоңдор да болуп, жалпы 600гө жакын спортчу катышты. Катышуучулар «соло» жана «жуп» категорияларында күч сынашты.

Аталган чемпионат спортчулар үчүн өзгөчө мааниге ээ, анткени анын жыйынтыктары спорттук разряддарды ыйгарууда эске алынып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамына тандалып, эл аралык мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов катышты.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты.

Чемпионатты Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти Кыргыз Республикасынын спорттук бий федерациясы менен биргеликте уюштурду.