Бишкек шаарында «100 өнөр жай ишканасы – 2026» долбоорун ишке ашыруунун алкагында өнөр жай ишканаларына көчмө текшерүү жүргүзүлдү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, Шаарды өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Давлетбек Туголбаев, ошондой эле райондук администрациялардын башчылары жана алардын орун басарлары катышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкү төрт өнөр жай объектиси каралды:
* «КыргызТрансформатор» ЖЧКсы — күч трансформаторлорун өндүрүү долбоору;
* «Биринчи индустриалдык комплекс» ЖЧКсы («Полибетон» ААК) — кошумча кондитердик цехтин курулушу;
* «Пром Склад Кей Джи» ЖЧКсы — фармацевтикалык кампа комплексинин курулушу;
* Аялдар кийимин тигүүчү фабрика (административдик имараттары менен) — «Сулайманова» ЖК.

Иш сапардын алкагында долбоорлордун ишке ашырылуусунун учурдагы этаптары каралып, ошондой эле каржылоо, жер маселелери жана уруксат берүүчү документтерди алуу боюнча көйгөйлүү маселелер белгиленди.

Жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү жана зарыл болгон колдоо көрсөтүү боюнча тапшырмалар берилди.