2026-жылдын 5-майында Ала-Тоо аянтында май айындагы майрам күндөрдүн алкагында шаар тургундары жана коноктору үчүн музыкалык кече өткөрүлдү.
Иш-чара борбор калаанын тургундарын жана конокторун чогултуп, чыныгы майрамдык маанайга бөлөдү. Концерттик программа Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттары тарабынан тартууланып, көрүүчүлөргө жаркын жана эсте каларлык чыгармаларды сунуштады.
Кечеге өзгөчө көрк берип, иштеп жаткан фонтандар жана кечки шаардын жарыгы жакшы маанай тартуулады. Шаар тургундары жандуу музыканын коштоосунда жагымдуу маанайда эс алышты.
Бул иш-чара шаар тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана алардын бош убактысын көңүлдүү өткөрүүгө багытталган борбор калаанын маданий программасынын бир бөлүгү болду.




















