Бүгүн, 2026-жылдын 6-майында, Бишкек шаарында «Кызыл гвоздика— муундардын эсинде» аттуу XXV ачык шаардык фестиваль-сынактын гала-концерти болуп өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын башчысы Назгүл Мекешова катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал өз сөзүндө фестивалдын маданий мурастарды сактоодогу маанисин баса белгиледи.
Салтанаттуу бөлүктүн алкагында сынактын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлоо аземи өткөрүлүп, катышуучуларга дипломдор жана ардак грамоталар тапшырылды.
Иш-чара чыгармачыл топтордун катышуусундагы гала-концерт менен жыйынтыкталды.







