Бишкек шаарынын мэриясы Жибек-Жолу проспектисиндеги №2 мончого барууда пенсионерлер үчүн каралган жеңилдиктер толук көлөмдө сакталарын билдирет.
Пенсионерлер мурдагыдай эле №2 мончого дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү жеңилдетилген баада бара алышат.
Белгилей кетсек, жеңилдиктерди өзгөртүү же жокко чыгаруу пландалган эмес. Учурда мончо кадимки режимде иштеп, бардык мурдагы шарттар сакталууда.
Муниципалитет тарабынан «Бишкек мончолору» муниципалдык ишканасынын жетекчилигине пенсионерлер үчүн жеңилдетилген шарттарды сактоо, баруу графигин өзгөртпөө, кошумча талаптарды же кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизбөө боюнча тапшырма берилди.
Бишкек шаарынын мэриясы мындан ары да калктын социалдык жактан аяр катмарларын колдоо жана муниципалдык кызматтардын шаар тургундары үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу багытындагы иштерин улантат.