Бүгүн, 2026-жылдын 9-майында, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы Бишкектеги Жеңиш аянтында Түбөлүк оттун жанында өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.

Эскерүү иш-чарасына Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Экинчи Дүйнөлүк согуштун ардагерлери, тыл эмгекчилери, эмгек ардагерлери, Бишкек гарнизонунун аскер кызматкерлери жана борбор калаанын тургундары да катышты.

Митингдин катышуучулары курман болгон баатырларды бир мүнөт үнсүз эскерип, Түбөлүк отко гүлчамбарларды коюшту.

Иш-чаранын алкагында ардагерлер үчүн салттуу «жоокер» боткосу сунушталып, майрамдык концерт уюштурулду.