Бүгүн, 2026-жылдын 9-майында, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине барып, аларды Жеңиш күнү менен куттуктады.
Мэрдин орун басары ардагерлер Каспорская Мария Константиновна, Гудкова Валентина Дмитриевна, Румянцева Людмила Ивановна, Скуин Константин Эдуардович жана Бережнова Валентина Александровна менен жолукту.
Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан ардагерлерге эстелик белектер тапшырылды.
Азамат Кадыров ыраазычылык билдирип, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине чың ден соолук жана бакубат жашоо каалады.




