2026-жылдын 9-майында мэрдин орун басары Нургазы Курманбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине барып, аларды Жеңиш күнү менен куттуктады.

Мэрдин орун басары Өмүрбекова Тамара Федоровна, Ащеулова Валентина Ивановна, Акименко Надежда Петровна, Петкявичене Валентина Исаковна, Шамил Мухамеджанов, Тольская  Галина Ивановна жана Виктор Алексеевич Быков менен жолукту.

Кыргыз Республикасынын  Президентинин атынан ардагерлерге эстелик белектер тапшырып, алардын эрдиги жана Жеңишке кошкон салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.