Бүгүн, 2026-жылдын 9-майында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Бишкек шаарында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевден кабар алды.

Жолугушууда министр ардагерди Жеңиш күнү менен куттуктап, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Мекенди коргоого кошкон эрдиги, кайраты жана баа жеткис салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан ардагерге акчалай сыйлык жана эстелик белектер тапшырылды. Канат Сагынбаев Аспек Жумашевге чың ден соолук, узак өмүр жана бакубат жашоо каалады.

Аспек Жумашев 1924-жылы 17-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кызыл-Берлик айылында туулган. 1942-жылы ал Советтик Армиянын катарына чакырылган. 1944-жылга чейин ал Ички иштер элдик комиссариатынын темир жол полкунда кызмат өтөп, андан кийин 379-аткычтар полкунда кызматын уланткан.