2026-жылдын 9-майында Кыргыз Республикасына болгон иш сапардын алкагында Алматы шаарынын акиминин орун басары Олжас Смагулов жетектеген делегация Бишкек шаарындагы таштандыны кайра иштетүүчү заводго барды.
Делегациянын курамында Алматы шаарынын Ишкердик жана инвестициялар башкармалыгынын, Экология жана айлана-чөйрө башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле инвестициялык жана экологиялык уюмдардын өкүлдөрү болду.
Заводдун аймагында экскурсияны Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев өткөрдү. Иш сапардын жүрүшүндө делегация өкүлдөрү ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу, катуу тиричилик калдыктарын сорттоо, кайра иштетүү жана энергиялык пайдалануу боюнча заманбап технологиялар менен таанышты.
Ошондой эле заводдун өкүлдөрү учурда колдонулуп жаткан экологиялык чечимдер тууралуу маалымат берип, калдыктарды башкаруу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча механизмдерди тааныштырышты. Өзгөчө көңүл катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тармагына заманбап технологияларды киргизүү жана экологиялык инфраструктураны өнүктүрүү маселелерине бурулду.
Жолугушуу тажрыйба алмашуу жана шаарлардын экологиясы менен туруктуу өнүгүүсү жаатындагы заманбап ыкмаларды талкуулоо форматында өттү.








