«Дельфин» ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары дзюдо боюнча эл аралык BERIK CUP турниринде байгелүү орундарды багындырышты.

Мелдеш Казакстан Республикасынын Алматы шаарында «Берик» спорт клубу тарабынан уюштурулду.

Турнирге Казакстандын ар кайсы аймактарынан, ошондой эле Тажикстан жана Кыргызстандан келген ар түрдүү курактагы 400гө жакын спортчу катышты.

Жыйынтыгында төмөнкү спортчулар байгелүү орундарга ээ болушту:
•Юспеков Салман — 1-орун (+55 кг салмак категориясы);
•Болотбеков Алтай — 2-орун (+55 кг салмак категориясы);
•Алмасов Амир — 2-орун (38 кг чейин салмак категориясы).