Чүй облусунун Арашан айылында 2012–2013-жылдары төрөлгөн өспүрүм балдар жана кыздар, ошондой эле 2014–2015-жылдары төрөлгөн балдар арасында дзюдо боюнча салтка айланган эл аралык «ТУЛПАР» турнири өттү.

Мелдешке Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарынан жана чет мамлекеттерден келген 500гө жакын спортчу катышты.

Мелдештин жыйынтыгында «Дельфин» ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу Турдалиев Алманбет 60 кг салмак категориясында күч сынашып, 2-орунду ээледи.