Кыргыз Республикасынын борборунда өспүрүм балдар жана кыздар арасында дзюдо боюнча Кыргызстандын биринчилиги (кадеттер чемпионаты) өттү.
Аталган мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан 400дөн ашуун спортчу катышып, атаандаштыктын жогорку деңгээлин жана турнирдин маанилүүлүгүн көрсөттү.
«Дельфин» Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары ийгиликтүү катышып, төмөнкү жыйынтыктарды көрсөтүштү:
•Абдыкадыров Талгат — 50 кг салмак категориясында 2-орун;
•Шаршеналиева Назик — 52 кг салмак категориясында 3-орун.
Спорт мектебинин тарбиялануучулары жогорку деңгээлдеги даярдыгын, күчтүү мүнөзүн жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтө алышты.

