2026-жылдын 3–10-май күндөрү Кутаиси шаарында жаштар арасында Акакий Какауридзенин элесине арналган эл аралык бокс турнири өттү.

Мелдешке ар кайсы өлкөлөрдөн келген күчтүү жаш мушкерлер катышып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана спорттук чеберчилигин көрсөтүштү.

Жекеме-жеке спорт трлөрү боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп, байгелүү орундарга ээ болушту:
* Арваза Ахмади — 75 кг салмак категориясында 1-орун;
* Данил Булавкин — 60 кг салмак категориясында 3-орун.