2026-жылдын 4–8-май күндөрү Алматы шаарында өспүрүмдөр арасында (BS-16) жана кыздар арасында (GS-16) теннис боюнча эл аралык ATF турнири жана Азия чемпионатына тандоо мелдештери өттү.
Мелдешке Казакстан, Россия, Индия, Кытай жана Кыргызстан мамлекеттеринен келген спортчулар катышты. 16 жашка чейинки кыздар арасында жалпысынан 78 спортчу күч сынашып, алардын арасында С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн теннис бөлүмүнүн тарбиялануучусу да болду. Бул жаш категориясында Кыргыз Республикасынан болгону эки спортчу катышкан.
Турнир жаш теннисчилердин спорттук чеберчилигин жогорулатуу, эл аралык мелдештерде тажрыйба топтоо, мамлекеттер аралык спорттук байланыштарды чыңдоо жана Азия чемпионатына катыша турган күчтүү спортчуларды аныктоо максатында өткөрүлдү.
Мелдештин уюштуруучусу Казахстандын теннис Федерациясы болду.
Эл аралык турнирдин жыйынтыгында С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу Мызаева Саара GS-16 категориясында кыздар арасында 1-орунду ээледи.


