«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы 2026-жылдын 11-майына карата ысык суу берүүнүн жүрүшү тууралуу төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Жылуулук тармактарындагы оңдоо иштери аяктагандан кийин, ишкананын адистери шаардагы турак үйлөргө ысык сууну этап-этабы менен берүүнү улантууда.

Бүгүнкү күндө ишкананын техникалык тейлөөсүндө турган турак үйлөрдүн 99% ысык суу менен камсыз болду. Ошону менен бирге, калган абоненттерди кошуу жана айрым үйлөрдө ысык суунун жоктугунун себептерин четтетүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Учурда Шопоков көчөсү 99/1 жана Жибек Жолу проспектиси 517 даректери боюнча ысык сууну кошуу убактылуу мүмкүн болбой жатат. Аталган даректердин жылуулук пунктуна кирүүгө мүмкүнчүлүктүн жоктугу себеп болууда.

Мындан тышкары, ысык суу берилгенден кийин гидравликалык режимди жана циркуляцияны жөнгө салуу иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым үйлөрдө ысык суу бир аз кечигүү менен келиши мүмкүн.

«Бишкек жылуулук тармагы» МИ ысык суунун сапатын жакшыртуу максатында тургундардан  суу жылыткычтарын өчүрүп, борборлоштурулган жылуулук берүү системасынан ысык суу менен пайдаланууга өтүүнү суранат.

Ысык суу системасына кошуу учурундагы жагдайларды түшүнүү менен кабыл алгандыгы үчүн шаар тургундарына ыраазычылык билдиребиз.