Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери Ыйманбек Алиясов менен Эрбол Казиевге сыйлыктарды тапшырды.
2026-жылдын 9-май күнү инспекторлор 10-кичи райондогу батирден чыккан өрт учурунда тургундарга жардам көрсөтүшкөн.
Кесипкөйлүгү, өзгөчө кырдаалда көрсөткөн кайраттуулугу жана коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы үчүн кызматкерлер Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Ардак грамота менен сыйланышты.
Мындан тышкары, ар бир кызматкерге акчалай сыйлык тапшырылды.

