Бүгүн, 2026-жылдын 11-майында, Кыргыз-Орус Славян университетинде (КРСУ) Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин Свердлов районунун тургундары менен жолугушуусу өттү. Жолугушуу 6 сааттан ашык убакытка созулду.
Шаар башчысы жолугушууларда протокол жүргүзүлөрүн, алардын жыйынтыгы менен иш-чаралар планы даярдаларын, аткаруу мөөнөттөрү, жооптуу адамдар жана каржылоо булактары аныкталарын белгиледи.
Жолугушууга райондун 400гө жакын тургуну катышты.
Негизинен турак жай-коммуналдык чарба, транспорт, балдар аянтчаларын куруу, башкы план, жер мунапысы жана башка маселелер көтөрүлдү.
Айбек Джунушалиев жеринде эле орун басарларына жана тиешелүү кызматтарга маселелерди сапаттуу чечүү жана ыкчам чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берди.
Эске салсак, 12-май күнү саат 16:00дө Свердлов районунун тургундары менен дагы бир жолугушуу Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинде өтөт. Дареги: Широкая көчөсү, 1а.




































