2026-жылдын 12-майында «Тунгуч» театрында Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти Консультативдик кеңеш менен биргеликте уюштурган «Жаштар жумалыгынын» салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышты. Ал өз сөзүндө жаштардын коомдук турмушка активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, жаш муун коомдун кыймылдаткыч күчү жана өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү экенин айтты.

«Бүгүнкү күндө жаштар социалдык тармактар, коомдук ишмердүүлүк жана жеке үлгүсү аркылуу чоң таасир тийгизүүдө. Туура баалуулуктарды калыптандыруу, маданиятты, билимге умтулууну, жарандык активдүүлүктү жана тарых менен салттарды урматтоону өнүктүрүү абдан маанилүү. Бишкек шаарынын мэриясы жаштардын демилгелерин ар дайым колдоого жана алардын өзүн-өзү өнүктүрүүсү үчүн шарт түзүүгө даяр», - деп белгиледи Виктория Мозгачева.

«Жаштар жумалыгы» 12-майдан 15-майга чейин өтөт. Бул аянтчага 100дөн ашык катышуучу, мектеп окуучулары жана студенттер чогулду. Иш-чарага Бишкек шаарындагы 40 мектептин окуучулары жана 15 жогорку окуу жайдын студенттери катышууда.

«Жаштар жумалыгынын» программасына жаштарды өнүктүрүүгө, улуттук баалуулуктарды бекемдөөгө жана жаштарды коомдук турмушка тартууга багытталган билим берүүчү, маданий жана патриоттук иш-чаралар кирет.

Биринчи күнү тимбилдингдин алкагында катышуучулар «Келечекке кат» жазып, Кыргызстанды 10 жылдан кийин кандай көрөрүн, өз кыялдарын, идеяларын жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча сунуштарын бөлүшүштү.

Иш-чаранын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук рух — дүйнөлүк бийиктиктер» аттуу Жарлыгын ишке ашыруу, жаштардын тарыхка болгон кызыгуусун арттыруу, мамлекеттик тилди жайылтуу, патриоттук баалуулуктарды бекемдөө жана жаштарды шаардык коомдук турмушка активдүү тартуу болуп саналат.

Жыйынтыгында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, эң активдүү жаштарга баалуу жана эстелик белектер ыйгарылат.

Бул ири масштабдагы иш-чара Бишкек шаарында алгачкы жолу өткөрүлүүдө. Мындан ары «Жаштар жумалыгын» жыл сайын өткөрүлүүчү салттуу иш-чарага айландыруу, анын программасын кеңейтүү жана катышуучулардын санын көбөйтүү пландалууда.