Абдрахманов көчөсү, 99 дарегинде оңдоо иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу, «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын түштүк районунун абоненттик бөлүмү убактылуу башка дарекке көчөт.
13-майдан тарта жарандарды кабыл алуу жаңы дарек боюнча жүргүзүлөт: Жукеев-Пудовкин көчөсү, 2/1.
Абоненттик бөлүмдүн иштөө тартиби:
дүйшөмбү – бейшемби: 07:30дан 16:30га чейин;
жума: 07:30дан 15:30га чейин;
түшкү тыныгуу: 11:30дан 12:30га чейин;
ишемби, жекшемби — эс алуу күндөрү.
Абоненттерден келүү убактысын пландаштырууда даректин жана иштөө тартибинин убактылуу өзгөргөндүгүн эске алууну суранабыз.
Кошумча маалымат зарылчылыкка жараша берилип турат.