Бишкек шаарынын мэриясында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева менен Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Бирендер Сингх Ядавдын жолугушуусу өттү.
Жолугушууда тараптар Индиянын демилгеси менен жыл сайын дени сак жашоо образын, дене тарбия активдүүлүгүн жана коомдук саламаттыкты сактоону жайылтуу максатында өткөрүлүүчү 12-Эл аралык йога күнүн Бишкекте уюштуруу жана өткөрүү маселесин талкуулашты.
Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле биргелешкен маданий жана коомдук иш-чаралар аркылуу эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар маданият, искусство, жаштар жана коомдук демилгелер багытындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Акыркы жылдары Бишкек эл аралык маданий иш-чараларды өткөрүүчү аянтча катары активдүү өнүгүп жаткандыгы, бул өз кезегинде маданияттар аралык диалогду жана гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрү белгиленди. Анын ичинде «Наристе» эл аралык балдар фольклордук фестивалы жана эл аралык бирикмелерге мүчө мамлекеттердин Дельфий оюндары өзгөчө аталды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого жана маданий-гуманитардык багыттагы практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.



