«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы 2026-жылдын 12-майынан тартып Бөкөнбаев көчөсүндө Панфилов көчөсүнөн Республикалык ооруканадагы жол чыракка чейинки аралыкта жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштерин баштайт.
Оңдоп-түзөө иштери жүрө турган тилкенин жалпы узундугу 321 метрди түзөт. Бул түтүктөр 1986-жылы колдонууга берилген.
Иш алып баруу учурунда Бөкөнбаев көчөсү аркылуу автотранспорт каражаттарынын кыймылына жарым-жартылай чектөө киргизилет. Автоунаалардын өтүүсү үчүн бир тилке ачык калтырылат.
Бул иш-чаралар жылуулук тармактарын 2026–2027-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдоо алкагында жүргүзүлүүдө жана керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы шаар тургундарын жол кыймылынын каттамын алдын ала пландап, аталган жол тилкесиндеги убактылуу чектөөлөрдү эске алууну суранат.