Бүгүн, 2026-жылдын 12-майында, Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында 5-класстардын окуучулары үчүн мамлекеттик тил боюнча көчүрүү экзамендери өткөрүлө баштады.

Экзамендер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги №509/1 буйругунун негизинде уюштурулууда.

Көчүрүү экзамендеринин негизги максаты — окуучулардын окуу жылы ичинде алган билим деңгээлин аныктоо жана билим сапатын баалоо болуп саналат. Экзамендер бекитилген графикке ылайык шаардагы бардык мектептерде өткөрүлүүдө.

Билим берүү уюмдарында экзамендерди өткөрүү үчүн тиешелүү шарттар түзүлүп, окуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар камсыздалды. Ошондой эле экзамендердин ачык-айкын жана тартиптүү өтүшүнө өзгөчө көңүл бурулууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан көчүрүү экзамендеринин жүрүшү көзөмөлгө алынып, бардык билим берүү уюмдарына тиешелүү методикалык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүлүүдө.