Бишкек мэриясы vkadrekg312 жана actualinfo_kg сыяктуу бир нече  социалдык маалымат баракчаларында жалган маалымат камтылган видеолор жарыяланганын билдирет.

Тактап айтканда, «Жаандан кийин Бишкек: тротуарлар жоголуп, дарыя пайда болду» жана «Жаандан кийин Бишкек дарыя менен көлчүктөр шаарына айланат» деген жазуулар менен коштолгон видеокадрлар Бишкек шаарынын аймагында тартылбаганы аныкталды.

Ошол эле учурда, Бишкек шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен айрым аймактарда локалдык суу каптоолор катталганын маалымдайбыз.

Катуу жааган жамгырдан кийин социалдык тармактарда жарандардын кайрылуулары жарыяланган.  Ар бир кайрылуу боюнча шаардык кызматтар ыкчам түрдө жерине барып, ирригациялык тармактарды тазалоо жана суу каптоонун кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүштү.

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан суу каптоолордун алдын алуу, ирригациялык, арык тармактарын  жана селден коргоочу курулмаларды тазалоо боюнча комплекстүү иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жаан-чачын учурунда шаар тургундарынын кайрылууларына ыкчам чара көрүлүүдө.

Суу каптоолордун негизги себептеринин бири — арыктарга жана  ирригациялык тармактарга ташталган таштандылар. Тыгындар суунун нормалдуу агышына тоскоолдук жаратып, коммуналдык кызматтардын ишин кыйла татаалдаштырат. Шаар тургундарын тазалыкты сактоого, шаардык инфраструктурага аяр мамиле кылууга жана таштандыларды арыктарга ыргытпоого чакырабыз.

Мындан тышкары, муниципалитет маалымат баракчаларын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырат.  Урматтуу борбор калаанын тургундары, расмий маалымат булактарына гана ишениңиздер.

Кошумча белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы жогоруда аталган аккаунттардын ээлерин аныктоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүү максатында укук коргоо органдарына тиешелүү кайрылуу жөнөтөт.