2026-жылдын 10–11-май күндөрү Таш-Дөбө айылында С.Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн жайкы биатлон боюнча ачык биринчилиги ийгиликтүү өткөрүлдү.
Мелдешке 2008-жылы туулган жана андан улуу, 2009–2010, 2011–2012-жылдары туулган спортчулар, ошондой эле 2013-жылы туулган жана андан кичүү курактагы катышуучулар күч сынашты.
Жарышка Чүй жана Нарын облустарындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринен жалпы 61 спортчу катышты. Алардын ичинен 31 спортчу С.Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн биатлон бөлүмүнүн тарбиялануучулары болду.
Мелдештин негизги максаты — балдарды жана өспүрүмдөрдү биатлон спортуна кеңири тартуу, сергек жашоо образын жайылтуу жана спорттук разряддарды аткарууга шарт түзүү.
Иш-чаранын уюштуруучусу С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМ болду.
Спорт мектептин тарбиялануучуларынын жыйынтыгы:
4 км спринт (юниорлор, 2008-ж.т. жана улуу):
•Жумалиев Нурислам — 1-орун;
•Сапарбеков Бектур — 2-орун;
•Жаркынбаев Тариел — 4-орун.
4 км спринт (юниор кыздар арасында, 2008-ж.т. жана улуу):
•Таалайбекова Бахиана — 1-орун;
•Таалайбекова Диана — 2-орун.
3 км спринт (уландар арасында, 2009–2010-ж.т.):
•Белекбаев Алишер — 2-орун;
•Асанов Нурель — 3-орун;
•Калимбаев Эльдар — 6-орун.
3 км спринт (кыздар арасында, 2009–2010-ж.т.):
•Казиева Акылай — 1-орун;
•Токтосунова Карлыгач — 2-орун.
2 км спринт (уландар арасында, 2011–2012-ж.т.):
•Жумалиев Саидахмат — 1-орун;
•Чокаев Тимур — 2-орун.
2 км спринт (кыздар арасында, 2011–2012-ж.т.):
•Токтосунова Айлин — 1-орун.
1 км спринт (балдар арасында, 2013-ж.т. жана кичүүлөр):
•Максатов Эрбол — 2-орун;
•Керимбеков Райымжан — 6-орун;
•Келдибеков Нурислам — 7-орун.
1 км спринт (кыздар арасында, 2013-ж.т. жана кичүүлөр):
•Таалайбекова Каныкей — 3-орун;
•Кадырова Ясмина — 7-орун.





