Ысык-Көлдүн жээгинде «Дельфин» ОРАБӨМдүн триатлон бөлүмүнүн спортчулары үчүн окуу-машыгуу жыйындары өткөрүлдү.

Жыйындарга 10 параспортчу катышты. Майыптыгы бар спортчулар үчүн машыгуу процессин толук кандуу жана ыңгайлуу өткөрүүгө бардык шарттар түзүлдү. Аларга ылайыкталган инфраструктура, медициналык коштоо, жеке мамиле жана атайын даярдалган машыгуу программасы камсыздалды.

Окуу-машыгуу жыйындарынын жүрүшүндө спортчулардын калыбына келүүсүнө, жалпы жана атайын дене даярдыгын жакшыртууга, ошондой эле триатлон боюнча техникалык чеберчилигин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.