Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Свердлов районунун тургундары менен жолугушуунун экинчи күнүн өткөрдү. Жолугушуу Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин базасында өтүп, ага 200дөн ашуун тургун катышты.

Шаар тургундары жер тилкелери, ирригация, турак жай-коммуналдык чарба, транспорт жана майыптыгы бар балдар үчүн квоталар боюнча маселелерди көтөрүштү.

Мындан тышкары, тургундардын бири «LED-жарнамасы менен  абаны тазалоочу шаардык мунаралар» долбоорун сунуштады.

Бардык кайрылуулар ошол жерден каттоого алынды. Ошондой эле атайын аянтча уюштурулуп, анда тиешелүү кызматтардын адистери тургундар менен биргеликте түшкөн маселелерди ыкчам карап чыгышты.

Мэр буга чейин да тургундар менен жолугушуулар өткөрүлүп келгенин, бирок ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда мындай форматта биринчи жолу өтүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле Айбек Джунушалиев журналисттердин 12-майда Свердлов районунун тургундары менен болгон биринчи жолугушууда көтөрүлгөн маселелер боюнча суроолоруна жооп берди.

Анын айтымында, шаарды көрктөндүрүү маселесинде тургундардын пикирлери ар кандай болууда: социалдык тармактарда шаардыктар бак-дарактардын кыйылышын сынга алышса, жолугушууда куураган дарактарды алып салуу өтүнүчтөрү да айтылды.

Мындан тышкары, Чокан Валиханов жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрө курулуп жаткан учурда питомниктеги дарактарды тамыры менен көчүрүп отургузуу сунушу да айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында шаар мэри көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча так мөөнөттөрдү жана тапшырмаларды берди.

Эске салсак, эртең — 13-май күнү саат 16:00дө М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети имаратында Биринчи май районунун тургундары менен жолугушуу өтөт. Дареги: Тоголок Молдо көчөсү, 58.