А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры 2026-жылдын 12-16-майында Костанай облустук орус драма театрында өтүп жаткан II Эл аралык «MONOFEST» моноспектаклдер фестивалына катышууда.
«MONOFEST» фестивалы ар кайсы өлкөлөрдөн келген театр ишмерлерин бириктирген, дүйнөлүк монотеатр искусствосунун мыкты үлгүлөрүн тартуулаган маанилүү маданий окуялардын бирине айланды.
Беш күндүн аралыгында көрүүчүлөр Кыргызстан, Сербия, Казакстан, Косово, Россия, Грузия мамлекеттеринен жана Колумбия менен Италиянын биргелешкен долбоорлорунан келген театрлардын жана көз карандысыз артисттердин спектаклдерин көрө алышат. Фестивалдын программасына психологиялык драмалар, комедиялар, монодрамалар жана музыкалык спектаклдер киргизилген. Алардын баарын бир актердун сахнадагы чеберчилиги бириктирип турат.
Катышуучулардын чыгармачылыгы эксперттик комиссия тарабынан бааланат. Актёрдук курамда белгилүү театр адистери Нина Мазур (Германия), Сания Кабдиева (Казакстан) жана Ментор Зимберай (Косово) болот.
Ачылыш күнү Бишкек шаардык театры Нина Мазурдун ушул эле аталыштагы пьесасынын негизинде коюлган "Мен Эдит Пиафмын" монологдук спектаклин көрсөттү. Бул улуу француз ырчысы Эдит Пиафтын өмүрү, сүйүүсү жана тагдыры жөнүндөгү жүрөктү козгогон окуя. Париждин көчөлөрүндө төрөлүп, карьерасын баштаган ал көчө ырчысынан эл аралык жылдызга айланып, түбөлүктүү ырларды жана унутулгус үнүн калтырды.
Жашоодогу жеңиштер менен жоготууларды, даңк менен жалгыздыкты баштан кечирген аялдын ички дүйнөсүн театрдын таланттуу актрисасы Накинай Дыйканова чебер аткарат. Спектаклде Эдит Пиафтын бүгүнкү күнгө чейин дүйнөнүн мыкты сахналарында жаңырып келе жаткан белгилүү чыгармалары жаңырды.
Спектаклди россиялык актер Александр Панин сахналаштырган. Сценограф жана костюм боюнча сүрөтчү — Зухра Мукамбетова, ал эми хореограф — Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сергей Стрельцов.






