Бишкек шаарында муниципалдык жерлерде жана жол тилкелеринде жер казуу иштерин жүргүзгөн уюмдар үчүн Санариптик технологиялар борбору тарабынан жаңы санариптик кызмат ишке киргизилди.
2026-жылдын 12-майында Санариптик технологиялар борборунун кызматкерлери Транспорт департаментинде жыйын өткөрүштү. Иш-чарага Октябрь, Свердлов, Биринчи Май жана Ленин муниципалдык администрацияларынын, “Муниципалдык инспекциянын, “Бишкекжашылкурулуш” муниципалдык ишканасынын, “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын, “Жол сыноо лабораториясынын” жана Бишкек шаардык ИИБнын Милициянын кайгуул күзөт башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Жер иштерине уруксаттарды эми кеңсеге барбай эле, Бишкек шаарынын мэриясынын
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинен онлайн режиминде алууга болот.
Арыздарды e-meria.kg системасы аркылуу тапшырып, тиешелүү уруксат берүүчү документтерди алууга болот.
Жаңы чечим курулуш, телекоммуникация, инженердик жана коммуналдык уюмдар үчүн процесстерди жөнөкөйлөтүүгө, убакытты үнөмдөөгө жана кызмат көрсөтүүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган.





