Бүгүн, 2026-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын алкагында, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тургундар менен жолугушуулары уланууда. Бул ирет шаар башчысы М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде Биринчи Май районунун тургундары менен жолукту. Жолугушууга 300дөн ашуун адам катышты.
Ачык диалогдун жүрүшүндө тургундар жол инфраструктурасы, коомдук транспорт, жер мунапысы, жер үстүндөгү жана жер алдындагы өтмөктөрдү куруу, социалдык маселелер жана башка көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Муниципалитет башчысы административдик-аймактык реформанын алкагында шаардын аймагы дээрлик үч эсеге кеңейгенин белгилеп, буга байланыштуу ичүүчү суу, канализация, жол инфраструктурасы жана электр менен камсыздоо тармактарында бир катар актуалдуу көйгөйлөр жаралганын айтты.
Ошондой эле мэр борбор калаада мектептер менен бала бакчалардын жетишсиздиги мурда эле бар болгонун, азыркы учурда социалдык объектилерди куруу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.
Анын айтымында, быйыл республикалык бюджеттин эсебинен 20 мектептин, Араб фондунун колдоосу менен дагы 12 мектептин курулушу пландалууда. Мындан тышкары, дагы бир мектеп куруу каралып жатат. Жалпысынан 33 мектеп куруу мерчемделүүдө.
Айбек Джунушалиев жаңы конуштарда биринчи кезекте ичүүчү суу жана канализация системаларын курууга көңүл буруларын, андан кийин жол инфраструктурасын өнүктүрүү иштери башталарын билдирди.
Мындан тышкары, ашар жолу менен курулган инженердик объектилерди талапка ылайык келтирүү маселеси да караларын айтты.
Жеринде тургундардын кайрылууларын мыйзам чегинде чечүү үчүн тиешелүү адистер жана ар кандай мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Эске салсак, 14-майда мэрдин Биринчи Май районунун тургундары менен кезектеги жолугушуусу Т. Абдымомунов көчөсү, 197 дарегинде жайгашкан «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда өтөт.

























